Бишкек шаардык соту ЖЭБдеги тендерге байланыштуу козголгон кылмыш ишине айыпталгандарды сыноо мөөнөтү менен 3 жылга шарттуу кести. Мындай чечим сот тарабынан бүгүн, 15-мартта чыгарылганын SUPER.KG'ге жактоочу Учкун Каримов кабарлады.
Жактоочунун айтымында, алар келтирилген чыгымдын ордун толтурушкандыктан улам ушундай чечим чыкты.
"Биринчи Май райондук соту тендерге байланышкан иш боюнча 4 адамдын ар бирин 6 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыраткан. Алар келтирилген 6 миллион 683 миң 28 сом чыгымды мамлекетке төлөп бергендиктен шаардык сот сыноо мөөнөтү менен 3 жылга шарттуу кести. Бирок "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Бердибек Боркоев абакта калды. Анткени ал ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча тергөө абагында", - деди Каримов.
Биринчи Май райондук соту 22-январда "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Бердибек Боркоевди 7 жыл 6 айга, ЖЭБдеги оңдоо иштерине катышкан "Аймар Энержи" компаниясынын жетекчиси Темирбек Ниязовду 7 жылга, аталган компаниянын кызматкери Канат Деркембаевди 6 жылга, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы техникалык директору Алмазбек Жусупбековду 7 жылга эркинен ажыраткан.