18-декабрда Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы каралды. Анда Исаков өзүнүн иши тууралуу билдирүү жасады. Отурум жабык эшик артында өтүп, журналисттер катышкан эмес. КСДП партиясы аталган билдирүүнүн текстин тараткан соң, УКМК буга байланыштуу жооп берди.
"Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өз оюн айтууга укуктуу, бирок ошол эле мезгилде жоопкерчиликти да эстен чыгарбоо керек. Сапар Исаковдун ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча камакта экендигин эскертип коюу керек. Быйылкы жылдын башындагы кышта миңдеген шаардыктар анын кесепетин тартышты.
Бүгүнкү күндө тергөө иштери мыйзамдын негизинде жүрүүдө жана бардык чечимдер сот органдарынын чыгарган жыйынтыгы менен кабыл алынууда. Тергөөнүн негизинде С.Исаковдун коррупциялык жосундарына төгүндөлбөй турган далилдер алынды. Муну менен катар Исаковдун башка дагы коррупциялык схемаларга катыштыгы бар экендигине далилдер бар. Бул фактылар боюнча текшерүүлөр башталды", - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
"Сапар Исаков өзүнүн кылмышын жашыруу максатында өзүн саясий курмандык катары көрсөтүп, коомчулукту адаштыруунун аракетинде кылмыш иштерин саясатташтырып жатат. Тергөө учурунда С.Исаковго эч кандай кысым жасалган жок, анын жактоочулары ар бир процесске катышууда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык материалдар андан ары сотко жөнөтүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Сапар Исаков КСДП тараткан билдирүүсүндө: "Урматтуу сот, бул процесстердин бардыгынын артында президенттик аппарат турат. Ал ар бир дем алганыңызды, ар бир сөзүңүздү көзөмөлдөөдө. Бул жерде органдардын өкүлдөрү отурат. Мунун артында Сооронбай Жээнбеков турат, ал өзү бул процессти, менин процессимди көзөмөлдөп жатат", - деген.