Футбол боюнча Кыргыз курамасы Иорданияны жеңди

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Азия Кубогуна даярдануу максатында Иордания курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Оюн кечээ, 20-декабрда Катар өлкөсүндө болуп, жабык тартипте өттү.

Белгилүү болгондой, Кыргыз улуттук курама командасы 7-декабрдан тарта Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат. Анын алкагында курама команда дагы 2 жолдоштук беттеш өткөрөт. 25-декабрда Катар курамасы менен, ал эми 31-декабрда Палестина курама командасы менен беттешет.

Азия Кубогу 2019-жылы 5-январь-1-февраль аралыгында Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Анда тайпалык баскычта Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен кездешет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Krai
2018-12-21 10:10:08
Охоо охоо биздикидер да женет экен азаматтар жылыш бар Дайыма эле женилип калды дей берчи эле тузук тузук
0
souza.j
2018-12-21 10:40:38
Алгаа шумкарлар
+9
FCB14
2018-12-21 11:22:45
Толук жазсанар болмок админ, ким гол саяганын билели.
+3
Edward.14
2018-12-21 11:24:43
FCB14,Турсунали Рустамов сайыптыр
+3
FCB14
2018-12-21 13:22:28
Edward.14,а рахмат
-2
Arsenal93.
2018-12-21 12:17:05
Кичин кайра ойноп калганбы
-2
FCB14
2018-12-21 13:23:53
Arsenal93., ова составды кучотуш керек
Иордания деле кучтуу болчу молодец
жениптир
-3
AIA-TOO
2018-12-21 21:40:13
FCB14, Биздикилер Йорданияны эле жеңишти билет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан