Роза Отунбаева Текебаевдин маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлбөй жатканын сынга алды

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө. Анда экс-президент Роза Отунбаева камакта отурган Өмүрбек Текебаевдин маселесин көтөрүп, парламенттик депутаттарды сынга алды.

Экс-президент Жогорку Кеңеш Текебаевдин маселесин көтөрбөй жатканына нааразычылыгын билдирип, анын парламентаризмди өнүктүрүүгө салымы чоң экенин айтты.

"Президент Текебаев боюнча соттун бардык баскычтарында чечим кабыл алынып калганын айтууда. Бирок Текебаевдин иши боюнча соттук процесс кандай жүргөнүн билебиз. Ал жакта саясий көз караштар, жеке кызыкчылыктар да болуп кеткен. Ага өзүнүн актыгын далилдөөгө жана акыркы сөзүн айтууга да мүмкүнчүлүк берилген эмес", - деди Отунбаева.

2017-жылы Өмүрбек Текебаев коррупция боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан