Өмүрбек Текебаевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктаганы кимдер келишти? (тасма, фоторепортаж)

Бүгүн, 22-декабрь күнү Бишкек шаарынындагы ресторандардын биринде саясий ишмер Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракесине карата иш-чара болуп өттү.

Ага саясатчынын партиялаштары, жакындары жана санаалаштары катышып, Текебаевдин кыргыз саясатындагы орду, эмгектери тууралуу сөздөр сүйлөндү. Мааракенин жүрүшүндө Өмүрбек Текебаевдин өмүр жолу чагылдырылган тасма көрсөтүлдү.

Ресторандагы иш-чарадан кийин катышуучулар Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан саясатчыны куттуктоо үчүн барышты. Өмүрбек Текебаев аларды жылуу кабыл алып, куттуктап келгендерге ыраазычылыгын билдирди.

Мурдагы депутаттын 60 жашын куттуктап келген 30дай саясатчы Өмүрбек Текебаевге ден соолук каалап, эртерээк эркиндикке чыгышына тилектеш экенин билдирип, бата тилеп кайтышты.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев "Орусиялык ишкерден 1 миллион доллар пара алды" деп айыпталып, 2017-жылы камакка алынган. Жогорку Кеңештин 6 жолку депутаты бүгүн 60 жашка толду.

Текебаев Жээнбековдун “ырайым сураса, берейин” деген сөзүнө жооп кайтарды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан