Өмүрбек Текебаев өзүнө операция жасатуу боюнча бир чечимге келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG'ге анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
"Өмүрбек Текебаев неврология бөлүмүндө дарылануусун улантууда. Анын калкан сымал безинде табылган шишик канчалык зыяндуу же зыянсыз экени аныктала элек. Бирок дарыгерлер аны операция жолу менен алып салууну сунуштап жатышат. Буга өзү макулдугун бере элек, 1 жарым жылдан бери дарыланган жок, операция жасатуу үчүн адамдын организми аны көтөрүш керек", - деди Токтакунова.
25-августта дарыгерлердин консилиуму Текебаев дарылануусун неврология бөлүмүндө улантсын деген чечим чыгарган, 28-августтан бери неврология бөлүмүндө дарыланууда.
Экс-депутат дарыгерлердин көрсөтмөсү менен 1-августта №47-түзөтүү абагынын Улуттук кардиология борборуна которулган. Учурда ошол эле оорукананын неврология бөлүмүндө дарыланууда.
Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ар бири 8 жылга эркинен ажыратылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.