Ички иштер министринин мурунку орун басары "Манас" аэропортунун авиациялык коопсуздук дирекциясынын башчысы болуп дайындалды

Ички иштер министринин мурунку орун басары Данияр Абдыкаров "Манас" аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына аталган мекемеден тастыкташты.

"Данияр Абдыкаров бул кызматка декабрь айынын аягында эле дайындалган" деп билдирди аэропорттун басма сөз кызматынын өкүлү Алия Курбанова.

Министрдин мурунку орун басары жетектеген дирекция "Манас" аба майданындагы авиация коопсуздугун жана ички тартипти камсыздоону көзөмөлдөйт.

Буга чейин Абдыкаров ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басарлык кызматын аткарып келген. Ал эмгек өргүүсүнө чыккан соң министрден уруксат кагаз албай туруп чет өлкөгө чыгып кеткени кабарланган. Алгач Абдыкаров өлкөдөн качып кеткендиги тууралуу маалыматтар тараган. Кийин ИИМдин маалымат кызматы 8-июнда Абдыкаров менен байланышып, анын Түркияда үй-бүлөсү менен эс алып жүргөнүн билдиришкен болчу. 18-июнь күнү ал өзү берген арыздын негизинде кызматтан алынган.

Данияр Абдыкаров 1975-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1992-жылдан тартып Ички иштер башкармалыгында иштеп келет.

1994-1998-жылдары Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкери;
1998-2001-жылдары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери;
2001-2016-жылдары ИИМдин бир нече башкармалыктарында кызмат аркалаган;
2016-жылы 22-февралынан тарта ички иштер министринин орун басары болуп иштеп, ошол эле жылдын 28-октябрында Данияр Абдыкаровго “милициянын генерал-майору” жогорку атайын наамы берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
voennyi88
2019-01-08 16:38:48
Манас аеропортуна мындан башка кызматкер жокболсо. Анда аеропорттун акыбалын тушундум.
0
Erik2018
2019-01-08 16:53:39
Абдыкаров буга чейин бир катар кызматтарды аркалады. Менимче иштин көзүн билген жетекчи. Кандай натыйжа көрөсөтөт ага убакыт өзү тараза.
0
Erik2018
2019-01-08 16:54:17
Кичине күтө тургула балким ири жылыштар болуп кетер.
+1
Bazake
2019-01-09 11:02:27
Erik2018,Туура генерал адам жакшы иштейт. Аэропорттогу коопсуздук ушундай адамдарга берилиши керек
0
Leilek91
2019-01-08 17:21:02
17жашында мектепти бутолек ИИМге ишке кирип алса кыйын экен анда
+1
tilek121277
2019-01-08 17:24:46
мектепти окуп буто элек ишке кирген болобу ошордо
0
Nursbaike
2019-01-08 17:30:08
Оздорунун жоопкерчиликсиздигинен жее оздору уялбады же мамлекет бар чара корбоду эптеп эле должность болсо болду окшойт ай Кудай. Мына демократия мына мыйзамдуулук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан