Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунун тайпалык баскычынын 1-туру жыйынтыкталды. Алгачкы оюнда үй ээлери Бахрейн курамасы менен тең чыгып калса, Азиянын учурдагы чемпиону Австралия Иордания өлкөсүнө жеңилип калды. Калган беттештерде негизинен фаворит аталган командалар жеңишке жетишип, 1-турдун эң ири эсеп айырмачылыгы 5:0 менен аяктаган Иран-Йемен беттешинде катталды.
Ал эми Кыргыз өлкөсү Кытай менен болгон беттеште оюндун алгачкы бөлүгүндө мыкты оюн көргөзүп алдыга чыга алса, 2-бөлүктө дарбазачынын катачылыгынан улам 2:1 эсебинде жеңилип калды. Бул жыйынтык Кыргыз курама командасынын плей-офф баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүн оорлоштурганы менен, толук түрдө жокко чыгарган жок. Беттешке катышып жаткан 24 команданын 16сы жарым чейрек финалга аттанат. Бул өңүттөн алып караганда улуттук курам тайпадан 3-орунду алып калса дагы плей-оффко чыгуусу ыктымал.
А тайпасы
Индия - 3 упай;
Бахрейн - 1 упай;
Бириккен Араб Эмираттары - 1 упай;
Таиланд - 0 упай.
Бириккен Араб Эмираттары Бахрейн курамасы менен 1:1 эсебинде тең чыгып, 1ден упайга ээ болушса, Индия 4:1 эсебинде Таиландды жеңип, 3 упайга ээ болду.
В тайпасы
Иордания - 3 упай;
Палестина - 1 упай;
Сирия - 1 упай;
Австралия - 0 упай.
Азырынча эң сенсациялуу оюн В тайпасында орун алды десек болот. 2015-жылдагы Азия Кубогунун жеңүүчүсү Австралия өлкөсү 0:1 эсебинде жеңилүү менен Иордания курамасына 3 упай тартууласа, Палестина жана Сирия командалары 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды.
С тайпасы
Кытай - 3 упай;
Түштүк Корея - 3 упай;
Кыргыз өлкөсү - 0 упай;
Филиппин - 0 упай;
Кыргыз курамасы менен Кытайдын беттеши 1:2 эсебинде коңшу өлкөнүн пайдасына жыйынтыкталса, Түштүк Корея 1:0 эсеби менен Филиппинди жеңип алды. Кыргыз өлкөсү бир да упайга ээ болбогону менен, голдордун айырмачылыгы боюнча 3-орунга жайгашты.
D тайпасы
Иран - 3 упай;
Ирак - 3 упай;
Вьетнам - 0 упай;
Йемен - 0 упай;
Йемен курамасы Ирандан күрөшсүз 5:0 эсебинде жеңилсе, Вьетнам Ирак курама командасы менен болушунча күрөш жүргүзгөнгө аракет кылышты. Бирок вьетнамдыктарга ийгилик жылмайбай, 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калышты.
Е тайпасы
Сауд Арабиясы - 3 упай;
Катар - 3 упай;
Ливан - 0 упай;
Түндүк Корея - 0 упай;
Тайпанын фаворити Сауд Арабиясы 4:0 эсебинде Түндүк Кореянын таш талканын чыгарса, Катар-Ливан беттеши 2:0 эсебинде катарлыктардын пайдасына чечилди.
F тайпасы
Япония - 3 упай;
Өзбекстан - 3 упай;
Түркмөнстан - 0 упай;
Оман - 0 упай.
F тайпасындагы коңшулаш өлкөлөр Өзбекстан 2:1 эсеби менен Оман курамасын жеңип алса, Түркмөнстан курамасы тайпанын дөө-шаасы Японияга татыктуу атаандаштык көрсөтүп, бирок 3:2 эсеби менен жеңилүү ызасын тартып калды.