Бүгүн, 11-январда мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков "Апрель" телеканалынын жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн сотко кайра арыз берет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Азимбек Бекназаров билдирди.
Анын айтымында, арыз Бишкектин Октябрь райондук сотуна берилмекчи. "Буга чейин арыз толуктоо үчүн артка кайтарылган. Жактоочубуз бүгүн арызды кайра берет", - деди Бекназаров.
Алгач декабрдын аягында Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берген. Буга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болгон. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.