4-июль күнү төрөлгөндөр көпчүлүктүн атынан сүйлөөнү жактырышат. Ал үчүн үй-бүлө мүчөлөрүн да апта сайын жыйналышка чакыра берет.
Бул күнү төрөлгөндөр патриот болуп улуттун кызыкчылыгын көздөгөн иш-чараларда сыймыктануу менен жетекчилик кылат. Жаш кезинен саясат чөйрөсүн тандап, өзүнө сак жүрүп, айрым учурда башкалардын оюн окуй алышат. Алар ар кандай кыйын кырдаалдан жеңил чыгып, жабыр тарткандардан көмөгүн аябайт.
Бул күнү жарык дүйнөгө келгендер гумандуу, ашкан берешен жана ишеничтүү адамдар болушат. Ар тараптуу кенен ой жүгүртүп, түрдүү чөйрөгө байланыштуу суроолорго көп күттүрбөй жооп таба билишет. Чөнтөгү эч качан бош жүрбөйт, өмүр бою берешендигинин жакшы натыйжасын гана көрүп жашайт.
Алардын башкалардан өзгөчөлөнүп туруу, кайталангыс болуп көрүнүү аракети өздөрүнө байкала бербейт. Бой көтөргөнү гана болбосо, алардын мүнөзүн идеалдуу деп айтууга болот.