Бүгүн, 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өтүп жатат. Аянтка чогулгандардын саны болжол менен 200дөй. Алар бийликке жана Жогорку Кеңешке этникалык кыргыздардан башка чет элдиктерге Кыргыз жарандыгын берүүгө мораторий киргизүү, Кыргыз жеринде мыйзамсыз иштеп жүргөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу талабын коюп жатышат.
11:57. Учурда митингдин уюштуруучулары сүйлөп жатат. Бийлик тараптан эл алдына чыккандар жок. Митингге келгендер "эгер бийлик өкүлдөрүнөн эч ким келбесе, көйгөйдү кимге айтабыз?" деп нааразычылыктарын айтышууда.
12:00. Митингчилер биз көтөрүп чыккан маселе чечилбесе, нааразычылык акцияларын уланта беребиз дешүүдө. Ошондой эле резолюция кабыл алып, Кыргыз жерибизди сактап, укуктарыбызды коргоп бергиле деген сөздөр айтылды.
"Чет өлкөлүк, өзгөчө Кытай жарандарына жер берүүнү, жарандык берүүнү жана документтерин акча алып жасап берүүнү токтоткула! Эл бийликке ишенбей калды. Кыргыз элинде бир гана байлык калды - ал биздин жер", - деди митингдин катышуучусу трибунада.
12:05. Митингчилер калктын саны да артка кетип жатканын белгилеп, калкыбыздын көпчүлүгү мигрант болуп чет өлкөдө жүргөнүнө нааразы болушту. Коңшу мамлекеттердин калкынын саны кескин өсүп, тез өнүгүүнүн жолунда бара жатканын белгилешти. Ошондой эле үй-бүлөлүк, тууган-уруктук жана кландык башкарууга барып калбайлы деген эскертүүлөр болду.
12:08. Митингде ар ким трибунага чыгып алып ар кайсы ойду айта берүүдөн пайда жок. Бийлик өкүлдөрүнөн келип элдин көйгөйүн уксун деген ой айтылууда. Митингчилердин айтымында, бул акцияга өлкөнүн ар бир регионунан бери элдин көйгөйүн айтып, элдин атынан сүйлөө үчүн келгендери айтылды.
12:09. Уюштуруучулардын бири: "Ханды дагы сыйлаш керек. Кайсы бир бийлик бутактарынын өкүлдөрүн, алардын аттарын атап, чагымчылдык иштерди жасабастан сабырдуу жана маданияттуу митинг өткөрөлү", - деген оюн айтты.
12:11. Талаптардын дагы бири аныкталды. Ал паспорттогу алынып салган "улуту" деген белгини калыбына келтирүү. Ошондой эле дагы бир талап - акыркы чыгарылган жаңы мыйзамдар. Жол киренин кымбаттоосу, түкүрүк үчүн салынган 5 500 сомдук айып пулду кайра артка кайтаруу сыяктуу талаптар коюлду.
12:25. Митингдин катышуучуларынын арасында сөз талаш орун алды. Трибунага чыгып сүйлөгөндөрдүн арасында кен казуу иштеринин кесепетинен экология булганып, айрым айылдар суусуз калганы, калктын саламаттыгына коркунуч жаралып жаткандыгы айтылды. Азырынча эл алдына бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыга элек.
12:55. Борбордук "Ала-Тоо" аянтына митинг уюштурууга 13:00гө чейин гана уруксат берилген. Митингчилер "Элдик көзөмөл" аталышындагы кыймыл түзүүгө белсеништи. Алар WhatsApp аркылуу группа түзүп, ошол жактан сүйлөшүп, талаптардын аткарылышына карата кийинки чараларды кеңешмей болушту. Митинг тароо алдында турганда мурдагы митингде кармалган делген жарандарды чыгаруу талабы коюлуп, аларды аянтка алып келишмейинче жана бийлик өкүлдөрүнөн келмейинче тарабайбыз деп жатышат.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен буга чейинки өткөн митингге катышкандардын 10го чукулу милиция кызматкерлери тарабынан үйлөрүнөн кармалып кеткени айтылгандыктан, аларды бошотуп келүү үчүн митингчилердин 20га чукулу Свердлов жана Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмдөрүнө кетишкен. Азырынча алар чыгарылганы тууралуу маалыматтар келе элек.
13:07. Саат 1ден өткөнүнө карабай эл тарай элек. Митингчилер модератордон 20 мүнөт сурады. Ошондой эле милиция бөлүмүндө кармалып турат делген 10го чукул жаран тууралуу маалымат жок. Митингдин убактысы саат 13:30га чейин созулары айтылды.
13:12. Митингде жаңы кабыл алынган чечим: Эл арасынан 5-6 адам шайланмай болду. Алар аким менен биргеликте Жогорку Кеңештин имаратына барып, элдин үнүн жеткиргени бармакчы. Учурда эл арасынан барчулар шайланууда. Уюштуруучулар митингчилерден тароону өтүндү.
13:25. Учурда эл тарай элек. Алар бийлик өкүлдөрүнө жолугуу үчүн кеткен 5-6 адамды күтүп турмай болушту. Эл арасына милиция кызматкерлери келе баштады. Үн күчөткүчтөр менен тартипти сактоого чакырык жасалды.
13:45. Милиция кызматкери "бүгүн эртең менен эч ким үйүнөн кармалып кеткен эмес" деген маалыматты айтты. Буга чейин белгилүү болгондой, "7-январда уюштурулган митингдин 10 катышуучусун бүгүн эртең менен үйлөрүнөн милиция кармап кетиптир" деген маалыматтар айтылган. Милиция кызматкерлери бул маалыматты четке какты. Натыйжада митингчилер менен милиция өкүлдөрүнүн ортосунда кайым айтышуу орун алды. Митингдеги тартипти көзөмөлдөө үчүн 8 автобус милиция кызматкерлери аянтка келишкен.
13:40. Митингчилердин бири КСДП партиясына мүчөлүгүн тастыктаган партиялык билетин тытууга жана өрттөөгө аракет кылып, майнап чыкпаганда ыргытып жиберди. Ал жаштарга жаңы партия түзүп чыккыла деген сунушун айтты. Бул учурда бүгүн эртең менен мурдагы митингге катышкандыгы үчүн милиция тарабынан кармалды делген 2 адам келди. Бирок алар милиция бөлүмүндө эмне эскертүү болгонун жана эмне себептен кармалып кайра бошотулганы тууралуу пикирлерин айтышкан жок.
14:30. Митингчилердин арасына бүгүн эртең менен милиция тарабынан кармалды делгендердин бири келип, "милиция бизге эч нерсе деген жок, аларга коопсуздукту сактап берип жатышканы үчүн рахмат" деди. Бийлик өкүлдөрүнө жолугуу үчүн кеткен 5 өкүл аянтка кайтып келе элек. Маалыматтар боюнча алар Жогорку Кеңештин төрагасына жолугуу үчүн кезек күтүп турушат.
14:40. Митингге чыккандардын айрымдары Ак Үйгө барууга аракет кылышууда. Аларды башка митингчилер жана милиция кызматкерлери алдын тосуп чыгып токтотуп калышты. Митингдин катышуучусу Жыргалбек Сагындыковдун айтымында, эл арасынан шайланган 5 адам Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго кирип кетишти.
15:07. "Депутаттарды биз шайлайбыз. Эмнеге бизге митинг өткөрүүгө чек коюп жатат? Андан көрө биз бийликке бир саат убакыт берели келишсин. Келбесе биз өзүбүз басып баралы" дешти. Бул сөзгө көпчүлүгү макул болду.
15:10. Жогорку Кеңешке кирип кеткен 5 адам аянтка кайтып келди. Алар вице-спикерге жолугуп кайтканын айтышты. Беш адам элдин маселесин чечип беребиз деген эл өкүлдөрүнүн билдирүүсүн үн күчөткүчтөр менен айтып жатканда, эл аларды укпай койду. Алар өз ойлорун аягына чейин айтууга мүмкүн болгон жок. Эл бийликтегилер аянтка чыксын деп кыйкырып жатышат.
15:17. Митингчилер 5 кишинин маселени чече албай чыкканына нааразы болушту. Аларды Жогорку Кеңештин ичинен алдап кетирип жиберишти деп кыйкырып жатышат. Учурда жок дегенде 3 депутат чыгып элдин мүдөөсүн уксун деген кыйкырык-сүрөөндөр чыгууда. Эл бирин-бири уккан жок. Трибунада жүйөлүү чечимди же алдыда кандай аракеттерге баруу керектигин азырынча айткан киши жок.
15:30. Эл ызы-чуу болуп, Ак Үй тарапка агыла баштады. Милиция кызматкерлери тартип бузгандарды четинен кармай баштады. Митингчилердин аягы акырындан суюла баштады.
15:41. Милиция 2 автобус толо кишини кармап аянттан алып кетти. Калгандары акырындап тарай баштады. Бирин-серин гана адамдар калбаса топтошкон эл калган жок.
15:53. Аянтта калган бирин-серин эл милицияга нааразычылыгын айтууда. Алар тартип бузбаган, жөн эле турган адамдардын колун кайрып, 3 автобуска толтуруп салып кетти дешүүдө.
Борбордук аянтта митинг (1-БӨЛҮК)
Борбордук аянтта митинг (2-БӨЛҮК)