Кыргыз циркинин директорунун кызмат орду бир айдан бери бош. Эмгек жамааты митингге чыкканы жатат

Кыргыз циркинин директорунун кызмат орду бир айдан бери бош турат. Буга байланыштуу цирктин эмгек жамааты бүгүн, 21-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына митингге чыгышат. Митингде алар өздөрү сунуштап жаткан цирктин артисти Аида Акматованы гана директор кылып берүүнү талап кылышмакчы.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов цирктин директорун дайындоо маселеси жакын арада чечиле турганын SUPER.KG'ге билдирди. Ал көрсөтүлүп жаткан талапкерлер өздөрүнүн программалары менен тааныштырганын, чечим ошонун негизинде кабыл алына турганын айтты.

"Цирктин директору боюнча маселени ушул аптада чечкенге аракет кылабыз. Талапкерлер аныкталып, баары өз программалары менен тааныштырышкан. Ошонун негизинде чечим кабыл алабыз", - деди Жаманкулов.

Буга чейин маалым болгондой, Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган.

Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылып, маселенин чоо-жайын жазганбыз.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан