Кыргыз циркинин жамааты директорлукка талапкер Фархад Бекманбетовду сотко берүүгө камынууда

Кыргыз мамлекеттик циркинин эмгек жамааты аталган жайдын директору болууга талапкерлигин коюп жаткан Фархад Бекманбетовду сотко берүүгө камынууда. Циркте эмгектенген Бегалы Мурзалиевдин SUPER.KG'ге билдиришинче, буга Бекманбетовдун жамаатты кемсинткен сөзү себеп болууда.

Циркте иштегендер 21-январда Ак Үй алдына митингге чыгып, өздөрү сунуштап жаткан цирктин артисти Аида Акматованы гана директор кылып берүүнү талап кылышкан.

"Фархад Бекманбетов биз митингге чыккандан кийин жергиликтүү телеканалдардын бирине маек бериптир. Ал жерде цирктин азыркы абалга келишине биздин дагы тиешебиз бар экенин айтыптыр. Ошол айткан сөзү үчүн биз аны сотко берели деп жатабыз. Келе элек жатып бизди басынтканы туура эмес", - деди Мурзалиев.

Буга чейин маалым болгондой, Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган.

Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылган. Биз маселенин чоо-жайын жазганбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tolkun555
2019-01-22 17:31:09
Анан кимдин куноосу бар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан