Астротөлгө: 25-апрелде төрөлгөн айымдар сырдуу, ал эми мырзалар токтоо болушат

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

25-апрелде төрөлгөн адамдар тобокелдикке салуудан коркушпайт. Алдыга койгон максатына жетүү үчүн бардык аракеттерин кылышат. Ошондой эле ой чабыты кенен, интеллектиси жогору болушат. Чөйрөсүндөгү адамдар ушул сапатын баалап сыйлашат.

Бул күнү жарык дүйнөгө келген мырзаларда жалкоолук сапат болгону менен эч качан үй-бүлөсүн ара жолго таштабай жоопкерчиликти сезе билишет. Токтоо, жөнөкөй, акыл калчап иш кылган мырзалар көзү түшкөн айымынын жүрөгүн бат эле багындырып алууга жөндөмдүү. Ал эми айымдар сырдуу келишет. Ушул сапаты менен мырзалардын жүрөгүнөн түнөк таба алышат. Ишенген адамына берилүү менен мамиле жасашат. Лидер болууга умтула беришпегени менен көңүл чордонунда болуп турууну жактырышат.

Бул күндүн ээлери кыялкеч болушат. Фантазиясы күчтүү. Кыялдануунун аркасынан келип чыккан идеяларын ишке ашырууга аракет кылышат. Аракетчилдиги менен ийгиликтин туу чокусуна чыга алышат. Максатына жетүү үчүн биринчи таштаган кадамы ийгиликсиз болуп калса да, аягына чыгарганга болгон күчүн, билимин жумшашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан