КСДП: "Мээрбек Мискенбаев сурак берүүгө кеткен бойдон дайынсыз. Жактоочусунун да телефону өчүк болууда"

Бүгүн, 25-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан суракка чакырылган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев эртең менен кеткен бойдон байланышка чыга элек экенин SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Ал эртең менен саат 10:00дө суракка кеткен бойдон бүгүн кечке байланышка чыккан жок. Азыркыга чейин анын телефондору өчүк болууда. Негизи бүгүн Мээрбек менен анын жактоочусу да бармак, бирок ал бошобой калып жалгыз кеткен болчу. Бүгүн жактоочу тергөөчү менен байланышып, эмне болуп жаткандыгын бизге кабарлап жаткан. Мындан 2 жарым саат мурун аны менен акыркы жолу сүйлөшкөнүмдө ал Мээрбек беттештирүүдөн кийин коё берилерин билдирген. Учурда жактоочунун да телефону өчүк болууда. Ошол себептен азыр бизде эч кандай маалымат жок. Жубайы менен да байланышып жатабыз, Мээрбек ага да байланышка чыкпаптыр. Ал да азыр телефон чалуу күтүп отурат", - дейт Жолдубаева.

Айта кетсек, бүгүн “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев жана анын орун басары Амантур Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалганы айтылган. Ошондой эле Мискенбаевдин жубайы ал бир нече күндөн бери сурак берүүгө барып жатканын айткан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр июнь айында "Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду деген маалымат чыккан. Буга чейин былтыр март айында Мээрбек Мискенбаев "президенттин иниси Асылбек Жээнбеков өзү убадалагандай парламенттеги депутаттык мандатын тапшырып, биздин катарга кошулсун" деген талапты койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ka2sr1
2019-01-25 19:46:31
Бугунку бийлик тарабынан уюштурулуп жаткан саясий куугунтук. Муну туздон туз Жээнбековтор уюштуруп жатышат. Бугунку Жээнбековдук бийликтин жузу. Эч ким Жээнбековтордон мындайды куткон эмес.
-3
kairan_ozum
2019-01-25 20:09:06
Эмне баляа эле болуп атасынар?!кайра баштаганы турат окшойт бир нерсени
+2
J1irg
2019-01-25 20:15:47
Эгер коомчулук мындай корунушторго коз жумуп кала берсе эртен онокот оорусуна окшоп айыккыс дартка айланат. Жээнбековторду сындаган адамдарды, журналисттерди, коомдук ишмерлерлерди ушундай жол менен жок кыла беришет. Журналисттер ойлонуш керек.
+3
Aidar.001
2019-01-25 20:17:14
Чымындан Пил жасап
-2
TalaCSKA
2019-01-25 20:27:09
Асылбек онорун корсотуп атса керек
+3
altyn7776
2019-01-25 20:54:55
АШАнын Сумбулун кармашыптыр да
+7
ady-88
2019-01-25 20:55:30
Мискенбаевди бир чон саясатчыга тенеп алдынарго озунчо эле
+6
bazar
2019-01-25 21:21:06
Телефонун өчүрүп койуп АША экөө ичип отурса керек. Ошол жактан издесенер
+4
suyor
2019-01-25 21:33:59
Аша чекеден ата журттун балдарын саясий негизде камаганда кобу оозуна талкан салып отурган, эми Жеенбеков чыныгы куу тулкуну кармаса ажылдашат
+3
bekmaral
2019-01-26 00:03:54
бул ашанын саясий кукласы.
-1
Benazir08
2019-01-26 02:37:00
Буну 11саат отурду суракта дейт. Оор дейт 11саат ото эле коп миш. Кайран эле 12-14саат Москвалап ушулардын айынан иштеп эле атышат
-1
bessmertiy
2019-01-26 06:09:04
Ошондон ары камап салса да ыраазы элем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан