"Өрттөн кийин ар тараптуу жардам берилет деп айтылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жабыркагандарга эч кандай көңүл бурулган жок" дейт соодагер

Өрттөн кийин ар тараптуу жардам берилет деп айтылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жабыркагандарга эч кандай көңүл бурулган жок. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда SUPER.KG порталына "Ош базарындагы" төртүнчү өрт кырсыгынан жабыркаган соодагерлердин бири билдирди.

"Ош базарындагы" акыркы өрт кырсыгы болгонуна 4-февралда эки ай болот. Бирок ушул күнгө чейин ал өрт кырсыгынан зыянга учураган бир да соодагерге кандайдыр бир жардам көрсөтүлүп же түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жок. Негизи өрт болгондон кийин эртеси күнү соодагерлерге ар тараптуу жардам көрсөтүлө турганы айтылган. Өрттөнүп кеткен соода орундары "Зетта" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык, алар болгону өрттөнүп кеткен жердин чатырын жаңыртып коюшту. Ичин, товарларды коё турган текче, илгичтердин баарын өз каражатыбызга жасоого туура келди. Бүгүнкү күндө өрттөн чыгымга учураган соодагерлер акырындык менен соода орундарын жасатып, базарга чыга баштады. Өрттүн кесепетинен жабыркагандардын карызынын көлөмү 600 миң сомдон 2 миллионго чейин жетет. Бүгүнкү күнгө чейин ал өрт кырсыгында күйүп кеткен товарлардын акчасын төлөө менен күн өткөрүп жатабыз. Мамлекет тарабынан бизге эч кандай көңүл бурулбай калганы өкүндүрөт", - дейт соодагер.

Окуянын чоо-жайы:

"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн 40ка жакын соодагердин соода оруну толугу менен күйүп кеткен. Аймактык тескөөчү окуядан бир күн мурун базар жабык болгонун жана ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.

Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан