Токмокто сабалган активист: "Митингге катышкандан кийин мага карата коркутуулар болуп жаткан. Мени сабоо алдын ала уюштурулган"

Токмок шаарында "Кырк чоро" бирикмесинин мүчөсү Бактыбек Нуралы уулун беткап кийген белгисиз адамдар сабап, уюлдук телефону менен унаасынын ачкычын тартып алышканы маалымдалган. Алган жаракатынан улам учурда Чүй райондук ооруканасында жаткан Нуралы уулу SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын айтып берди.

Өзүнүн айтымында, ал 17-январь күнү Бишкекте өткөн митингге катышкандан кийин телефон аркылуу белгисиз бирөөлөр чалып коркутуп келишкен.

"Митингге катышкандан кийин белгисиз бирөөлөр телефон чалып, "митингге чыгууну токтот, бирди көрөсүң" деп коркутуп келишкен. Бирок маани берген эмесмин. Кечээки окуя ошол мага телефон чалгандардын планы болду деп ойлойм. Эртең менен Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна унаамды Токмокко токтотуп коюп маршруттук такси менен эле келгем. Соттон кийин Токмокко бардым. Мартшруттук таксиден түшүп жөө баратканымда артымдан эки бала басып келип, бири бир нерсе менен башка чапты. Жерге жыгылып калып, кайра туруп алыша кетсем экинчиси келип тепкилеп жиберди.

Алар өз алдынча сүйлөшүп жатып биринчиси экинчисине "ушул беле?" десе, анысы "ооба" деп айтып калды. Өз аракеттерин тоноо фактысы катары көрсөтүү үчүн чөнтөктөрүмдү чукулап уюлдук телефонум менен унаамдын ачкычын алышты. Спорттук формада жүргөн балдар экен. Милиция кызматкери чуркап келип калганда алар качып кетишти. Артынан кууп жетпей калдык. Алган жаракатымдан улам ооруканага келдим. Дарыгерлер бир кабыргам сынып, баш мээм чайкалып калганын айтышты. Ошондуктан бул алдын ала уюштурулган иш болду", - деди Нуралы уулу.

Чүй облустук милициянын маалыматына караганда, аталган окуя тоноо фактысы катары катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Ошондой эле атайын оперативдүү тергөө тобу түзүлүп, Бактыбек Нуралы уулун сабап, тоноп кеткен эки адамдын аты-жөнүн, жүргөн жерин аныктоо жана кармоо иштери башталды.

Буга чейин 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өткөн. Митингге чыккандардын айрымдарын милиция кармап кетип, ар бирине 3 миң сомдон айып салган. Алардын арасында Бактыбек Нуралы уулу да болгон. Бирок салынган айыпка макул болбой Биринчи Май райондук сотуна арыз жазып, жазылган арыз 30-январда каралмак. Бирок сот отуруму 31-январга жылдырылып кеткен болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz_bloger
2019-02-01 22:00:28
Мекени учун куйгон патриот адамдарды сабап кетуу менен мамлекет эч кандай алдыга жылбайт
+3
CEO1
2019-02-01 23:36:22
Бул заказ акыры тубу Жээнбековдун мафиясына барып такалат. Кара-Кулжалык Суйун Омурзаков, Жээнбековдордун кудасы Матраимовдор ж.б. жарым криминал спорттук клубдары шайлоодо бир баш которду эле. Эми ким жакпаса сабаттырып баштаптыр да Соке. Деги канча адамды сабатуу колундан келет ыя Соке?!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан