Ноябрдагы оюндардан кийин ФИФАнын жаңы рейтинги жарыяланды. Бул бүгүн, 28-ноябрда ФИФАнын расмий сайтында жарыяланды.
Кыргыз курама командасы 96-орунду ээледи. Ноябрда Кыргыз командасы 3 оюн өткөрүп, Өзбекстан менен Япониядан жеңилип, Тажикстан менен тең чыккан.
Азия футбол конфедерациясында Кыргыз курама командасы 14-орунду ээледи. ФИФАнын рейтингинин сап башында Бельгия, Франция жана Бразилия турат.