Көз тиет! Балдардын сүрөтүн социалдык тармактарга жүктөөгө кандай карайсыз? Атактуулар өз ойлору менен бөлүшөт

Кыргыз шоу-бизнес чөйрөсүндөгү айрым жылдыздарыбыз балдарынын сүрөттөрүн бөлүшмөк тургай, алар тууралуу сөз кылууну дагы туура көрүшпөйт. Ал эми кээ бири, тескерисинче, балдарынын сүрөттөрүн жеке баракчаларына жарыялап, балдарына дагы баракча ачып бергенин көрүп-билип жүрөбүз. Дегеле биздин балалуу болгон жылдыздарыбыз балдарына көз тиет, сөз тиет, төрөлгөнүнө 40 күн болмоюнча эч кимге көргөзбөө керек деген ырым-жырымдарды кандай карманышат? Бул боюнча ырчылар өз ойлору менен бөлүштү.

Ырчы Айгерим Расул кызы жакында эле экинчи ирет эне статусуна ээ болгон. Ырчы айым эки баланын энеси катары балдардын сүрөтүн таратууга кандай карарын уктук.

"Балдарымдын сүрөтүн көп чыгара бербегенимдин себеби, балким, алар чоңойгондо эл алдында жүрүп таанымал болууну каалабайт деген ой. Айрым учурларда эле чыгарбасам, майда-баратына чейин чыгара бербейм. Менде балдарыма болгон кандайдыр бир кызганыч сезими бар. Жаш баланы жакшы көрүп карап койсоң көз тиет дегенге ишенем. Суук көз, суук сөз деген бар. Андан сырткары 40 күнгө чейин эч кимге көрсөтпөгөнгө аракет кылам", - дейт ал.

Айгерим Расул кызы 2014-жылы 6-сентябрда турмушка чыгып, 2015-жылы 2-июлда Ханбийке, 2018-жылы 13-декабрда Элмырза аттуу уулдуу болгон.

"Жебе" тобунун мурдагы солисти, ырчы Самат Муратбеков жакында эле кыздуу болгон. Ырчы мырза да бул тууралуу өз оюн айта кетти: "Балага сөз, көз тиет деген сөзгө толук түрдө кошулам. Үйдөгүлөр дагы баланы көргөзбөш керек деп эскертип калышат. Менимче, эң негизгиси бетин көргөзбөш керек. Жаңы төрөлгөн баланын кыркы чыкканча эч ким үйгө келбеши керек дешет. Бирок биздин үйдөн адам үзүлбөйт. Келип жүргөн адамды кантип келбе деп айта аласың? Жакында эле кызымдын кыркы чыгып, келген коноктордун саны азайып калды. Кызыбыз, биз дагы тынч уктадык. Ал эми улуу кызым Жанэль төрөлгөндө дагы дал ушундай көрүнүш болгон. Көз тийиптир деп чоң апасы кээде киренелеп коёт. Үй-бүлөм жашоомдун маңызы болгондуктан, сүрөттөрүбүз менен бөлүшүп турам", - дейт ырчы мырза.

Ырчы мырза 2015-жылы 12-декабрда үйлөнүп, 2016-жылы 12-июлда Жанэль, 2018-жылы 29-декабрда Ая аттуу кыздуу болгон.

Ырчы Каныкей бул туурасында төмөндөгүлөрдү кошумчалай кетти:

"Мен деле балдарыма көз, сөз тиет деп корком. Байкасаңыздар, балдарым менен түшкөн сүрөттөрдү аз жүктөйм. Өзүмө жаккан көз ирмемдерди гана чыныгы күйөрмандарым менен бөлүшүп коём. Элди тажатып, күндө сүрөт жүктөй бербейм. Кыскасын айтканда, чектен ашпай сүрөт жүктөсө болот. Мен балдарымдын кыркы чыкмайынча көргөзбөш керек деген ырымды дагы карманам. Бирок күйөрмандарым жеке жашоомо дагы кызыккандыктан, эмнеге бөлүшкөнгө болбосун", - дейт Каныкей.

Ырчы 2014-жылы 21-мартта турмуш жолуна аттанып, 2015-жылы 11-ноябрда Алим аттуу уулдуу, ал эми 2018-жылы кыздуу болушуп, Акмарал деген ысым коюшкан.

Рэп аткаруучу Добр балдарымдын кандай чоңоюп жатканы күйөрмандарыма жана тааныштарга кызык дейт.

"Балдарымдын кыркы чыкмайынча сүрөттөрүн эч жакка жүктөбөйбүз. Ал баланы торолсун, ооруп калбасын дегени го менимче. Бирок балаңдын кандай чоңоюп жатканы тааныштарга деле кызык экен. Андыктан, балдарыбыз кичинесинде сүрөтүнүн беттерин жаап жүктөп койчубуз. Азыр эми улуу балабыз чоңоюп калды. Сүрөттөрүн, видеолорун байма-бай жүктөп турам", - дейт ал.

Ал эми Добр мырза 2015-жылы 4-ноябрда бойдокчулук менен кош айтышып, 2016-жылы 19-августта тун уулдуу, ал эми 2019-жылы 23-январда кыздуу болуп, аларга Азирет жана Айкөл деген ысым ыйгарышкан.

Турмуш жолуна аттангандан бери чыгармачылыктан алыстап, кыздарын тарбиялоо менен алек болуп жаткан ырчы Бактыгүл Бадыева социалдык тармактагы баракчамды үй-бүлөлүк альбом катары пайдаланам дейт.

"Мен социалдык тармактагы жеке баракчамды үй-бүлөлүк альбом сыяктуу пайдаланам. Себеби, уюлдук телефонум дайыма жанымда болгондуктан бош убактымда сүрөттөрдү карап чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Мындан 1 жыл мурунку сүрөттөрдү көрүп, кыздарымдын чоңоюп калганын байкайм. Ал эми кичүү кызым учурда 4 ай болуп калды. Бирок анын сүрөттөрүн жүктөгөнгө али эрте. Улуу кыздарымды деле эл алдына 1 жаштан өткөн соң чыгаргам. Ал эми көз, сөз тиет дегенге ишенем", - дейт ырчы айым.

Ырчы айым 2013-жылы турмушка чыгып, 2013-жылы 28-сентябрда Ширин, 2015-жылы 5-февралда Эркеле, 2018-жылы 9-октябрда Дария аттуу кыздуу болушкан.

Жеке жашоосу дайыма талкууда жүргөн ырчы айым Анжелика дагы кыздары төрөлө элек кезден тарта эле кош бойлуу кезиндеги сүрөттөрүн интернеттеги жеке баракчасына жүктөй баштайт. Кыздары Айыма жана Элиманын жеке баракчасында айрым жылдыздарга салыштырмалуу катталуучулары көп. Ал эми кичүү кызы Айлиндин азырынча жеке баракчасы жок болгондуктан ырчы айым кызы менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн өзүнүн жеке баракчасына байма-бай жүктөп турат.
Ырчы айым 2018-жылы жолдошу Урмат Бекболиев менен расмий түрдө ажырашып, Бекболиева фамилиясын Кайратовага өзгөрткөн.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, "Кыз-Бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова баланын төрөлүшүн шылтоолоп, шаан-шөкөт уюштуруп жиберүүгө бир аз сын көз карашта. Элге көрсөтмөк тургай, илгери баланын маңдайына көө сүйкөп коюшчу дейт ал.
"Бала төрөлгөнүнө кырк күн болмоюн ал үйгө эч ким барбашы керек. Кырк күн өткөндөн кийин гана дос, тууган уругу көргөнү барат. Азыр болсо бала жаңы төрөлгөндө эле барып алабыз. Анын төрөлүшүн шылтоолоп, шарактап отуруш керек да. Учурда биздин илгертен келе жаткан баалуулуктарыбыз бааланбай, бүгүнкү күндүн деми бизге сиңип бара жаткандай. Ал эми жаш балдардын сүрөтүн интернет айдыңында көрсөтүүгө каршымын. Бала өзүнүн жолу, ыгы менен чоңоюшу керек. Элдин көзү деген жаман да. Илгери бир эле айылдын бир эле көчөсүндө жашап жаткандар балага көз тийбесин деп бетине, маңдайына, ээгине казандын көөсүн сүртүп, жаман-жуман чапан же болбосо кийимин тескери кийгизип коюшчу", - дейт Гүлшайыр Садыбакасова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maralum93
2019-02-12 18:19:51
мен таптакыр жүктөбөйм көз тийүүбул чындык
0
Modric10
2019-02-12 20:14:43
Азыр дароо эле род домдо эле селфи кылышат коптор эле
+1
Boha1
2019-02-12 21:35:53
Качан болсо эле Анжелика
0
ziash85
2019-02-12 22:39:53
Boha1,бирок коментарий ала алышпаптыр го супер инфо,сериялдан кийин го дейм менимче Жосефина беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан