"Коопсуз шаар" долбоору 12-февралда ишке кирди. Бишкектеги унаа тыгыны көп болгон көчөлөрдүн кесилишкен жерине орнотулган камералар айдоочулардын эреже бузуусун каттоого алып, анын негизинде айып пул жазыла баштады.
Эртең менен эл ташыган маршруттук таксилердин бир кылка тизилип жүрүп бара жатканы талкууга алынып, элдин көңүлүн жубаткан. SUPER.KG камералар орнотулган көчөлөргө барып жол эрежеси кандай сакталып жатканын көрүп келди.
Алгач Жибек Жолу кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульвары кесилишкен көчөгө барып, 10 мүнөткө жетпеген убакытта бир катар эреже бузууларга күбө болдук. Айдоочулардын айрымдары "стоп" сызыгынан өтүп кетип токтоп жатса, айрымдары жөө адамдар өтүүчү жолдо эреже бузууга барып жатышты.
Андан кийин Чүй-Фучик, Чүй-Бейшеналиева, Жибек Жолу-Абдрахманов унаа жолдорунун кесилишкен жерине бардык. Бул көчөлөрдө да унаалар "стоп" сызыгынан өтүп токтоп жатышты. Өзгөчө Чүй-Фучик, Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүндө аялдама жана унаа токтоочу жайда эреже бузуулар да кездешти.
Бирок көпчүлүк айдоочулар "Коопсуз шаар" долбоору бүгүн ишке киргени тууралуу маалыматтары бар болгондуктан жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганда өтүп кетүү же каршы тилкеге чыгуулары байкалган жок. Камералар жол кыймылына байланыштуу 7 эреже бузууну каттоого алууда.
1. Жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганда өтүп кеткен жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13 000 сом;
2. Каршы тилке менен жүргөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом;
3. Тротуар, веложол, газон жана жөө адамдар өтүүчү чийиндер менен жүргөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом;
4. Жол чырактын кызылы күйгөн учурда "стоп" сызыгынан өтүп кеткен жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом;
5. Жөө адамдар өтүүчү сызыктан эреже бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом;
6. Белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымдан ашырып айдаган (мисалы, ылдамдыкты 40 чакырымдан ашырбай айдоочу аймакта 60тан ашырып айдаса) жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом. Ал эми ошол эле белгиленген ылдамдыктан саатына 40 чакырымдан, башкача айтканда, мисалы 40 менен айдоочу аймактан 80ден ашырып айдаса, анда жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом, белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымга жеткирбей айдаса, анда айып пул салынбайт (мисалы, ылдамдыкты 40 чакырымдан ашырбай айдоочу аймакта 60ка жеткирбей айдаса);
7. Аялдама жана унаа токтоочу жайда эреже бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.