Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов бир күндө канча жол эрежеси бузула турганын жана видео жазуу канча убакыт сактала турганын сурады.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирген күндөн тарта 12 433 жол эрежеси бузулган. "Чүй облусунда бир күндө миңге жакын жол эрежеси бузулат. Видео жазуу 3 жыл сакталат. Ал эми жол кыймыл эрежеси бузулган-бузулбаганы 10 күн аралыгында билинет", - деди Асанов.
Жыйында "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.