Айып пулдун жогору болгонуна нааразы айдоочулар өткөрчү митингге өкмөт реакция кылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, жол кыймылынын эрежесин бузгандар үчүн айып пулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Кеңешмеде белгиленгендей, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө жол эрежесин бузуу жөнүндө 108 миң 137 токтом түзүлгөн, анын 44,5 пайызы төлөнгөн.

Ошол эле учурда жол кыймылынын эрежесин бузуунун ар башка түрлөрү үчүн негизинен 1000 сомдон 5000 сомго чейин жоопкерчилик белгиленген. Коомдо кооптуу унаа менен бейбаштык кылуу, уруксат берилген саатына 60 чакырым ылдамдыкты жогорулатуу, унаа каражатын мас абалында айдоо жана башка бир катар бузуулар боюнча гана бир кыйла катуу жоопкерчилик чаралары белгиленген.

Белгиленгендей, 2019-жылдын 1-январынан тартып айдоочулук күбөлүктү алып коюу тажрыйбасы жоюлуп, өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, бузуулар үчүн айып пулдарды токтом алгандан баштап 15 календарлык күн ичинде төлөгөн шартта айып пулдар өлчөмү 50 пайызга кыскарат.

Коомчулуктун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин эске алып, премьер-министр жумушчу топко учурдагы айып пулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун карап чыгууну тапшырды.

Анын пикиринде, өлкө аймактарында долбоордун кийинки баскычтарын ишке киргизүүнүн алдында долбоорду борбор шаарда ишке ашыруунун жыйынтыктарын тыкыр талдоо жүргүзүү жана келечекте бардык реалдуулуктарды эске алуу менен сапаттуу ишти камсыздоо зарыл.

Өкмөт башчы билдиргендей, бул маселени кароодо жарандардын пикирин көңүл чордонуна коюп, "Коопсуз шаар" долбоорун жүзөгө ашырууда келип чыккан маселелерди өзгөчө дыкаттык менен кароо зарыл.

Премьер-министрдин айтымында, айып пулдардын көлөмүн өзгөртүү боюнча негиздүү жана сапаттуу сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн бул маселени терең жана ар тараптуу изилдеп чыгуу керек.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, жол инфратүзүмүнүн начарлыгына байланыштуу маселелер жана жол кыймылын уюштуруу көйгөйлөрү жарандардын кызыкчылыгында жана масштабдуу долбоордун кийинки баскычтарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн толук түрдө чечилүүгө тийиш.

23-майда Бишкекте жол эрежесин бузгандар төлөөчү айып пулдун өлчөмү жогору болгонуна каршы митинг өтөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
katerina.li
2019-05-21 10:12:16
Туура которуш керек. Канча адамдардын омуру кыйылып жатат мас айдоочулардын айынан.
+1
Umakg
2019-05-21 10:52:29
Жаны законду ондогулачы сураныч азыр эчнерсе кылалбайт экен милициялар жаны закон боюнча тв кайгул кордум ютуптан адам олтуруп жатсада врачтар Ким корду ютуптан тв кайгулду
-1
AykaMer
2019-05-21 10:53:27
Урматтуу айдоочулар! Уялбайсыңарбы митиңгге чыккандан?! Андан көрө жолдун эрежелерин жакшы сактасаңар ошол штраф болбойт да силерге. Арзан кылып койсо штрафты,силерге оңой гана мыйзамды бузуп анан оңой гана төлөп басып кете берсеңер бекен аа?! Башканын өмүрүчү? Жабыркагандардын тагдыры не болот.?! Бир аз ойлоп иш кылсаңар.Мен мисалы пешеходдон(зебрадан) өтөөрдө турам да качан машина токтоп өткөрөт деп.Бирок эч ким токтобойт. Анан айла жок колуңду көтөрүп токто дейсин да өтө бересин... Ушул жакшы
-2
akylbek57
2019-05-21 11:22:14
AykaMer,Уят эмес. Айып пулдун колому ото эле жогору. Сен кыйын болбо, айлыгын канча? Эч бир башка онукон мамлекетте да, мындай айып пул жок.Сага окшогон жоо жургондор жол эрежесин сактабайт, жашылда туруп каласын, анан откон чакта кызыл куйуп сенин айынан штраф болуп калып жатпайбы.Жашоо минимумун эсептешсин, жолдорго белгилерди койсун,полосалар туура чийилсин. Кыскасы айдоочуга шарт жок. Эмне окмот штраф менен толойбу тышкы карыздарды. Окмот Ойлонсун.
+5
AykaMer
2019-05-21 21:46:25
akylbek57,Уят эмес болсо,жол эрежесин сактап коюп анан уят болбой жүрсүн. Мисалы мен светофордо туруп кызыл жанганда машина токтош керекпи?!Ооба,токтош керек... Тем более ал жерде пешеход бар Мен балам мн өтүп жатканда,бир шофёр алдындагы токтоп турган машинаны айланып өтүп менин баламды коюп кеткен көз алдымда.Шашып кайда барат? Көп болсо көргө барат.15 секунд күтүп турса биз өтүп кетмекпиз да.Дагы уялбай 30 жылдан бери биринчи жолу коюп кеттим деп коёт.Сөзсүз бирөөнү коюп кеткенден кийин кысыш
+1
AykaMer
2019-05-21 21:49:44
akylbek57,Жол эрежесин бузбашы үчүн ушундай чоңураак штраф керек.Сен эрежени сактабайт окшойсун.Штрафты төлөгүң келбейт го.Колун менен кылганды башың менен тарт деген сөз бар
+1
BekAmir
2019-05-21 15:21:49
Туура айып пул ото эле коп, айдоочулар эптеп бала багып атканда.2-ден биздин жолдор талапка жооп бербейт
+1
jooshbala
2019-05-22 05:26:19
Албетте талапка жооп бербейт,паласалар чийилген эмес,жол белгилери дээрлик жок эсе.Шартты кылсын,анан айып пулду которсун базар жок
0
Kaary
2019-05-22 05:28:47
Эгер эрежени бузбай айдай албасаңар, жөө жүргүлө! Калган айдоочулар штрафсыз эле айдап жүрүшөт бир жакшынакай эле. Же ппд ны окуп анан мингиле, кылгылыкты кылып коюп, анан даттанып чыкпай! Башка өлкөлөрдө деле дал эле ушундай! Сага дагы 15 күн срок берип жатат жарым суммасын төккөнгө,
0
Kaary
2019-05-22 13:05:25
Пдд ны
0
katerina.li
2019-05-22 08:43:59
Окмоттун алсыздыгы. Принциби жок.
0
Баян
2019-05-22 08:53:27
Митингди колдогондор ПДД ны үйрөнгүлө!Пешеходный переходдорду айтбай эле коеюн светофордон өткөн коркунучтуу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан