Бишкек-Торугарт унаа жолунун 10-чакырымында орнотулган "Коопсуз шаар" долбоорунун камерасын аткылап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, камераны аткылап кетишкендиги тууралуу маалымат 25-июнь күнү саат 10:56да келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Атайын экспертиза дайындалып, жергиликтүү тургундар суракка алынууда.
Камера белгисиз курал менен атылганын жана ишти облустук башкармалык өз көзөмөлүнө алганын басма сөз кызматы кошумчалады.
Буга чейин "Коопсуз шаар" долбоорунун Чүй облусунун Киргшёлк айылындагы жана Кемин районунда орнотулган камералары талкаланган.
Ал эми 6-июнь күнү Чыңгыз Айтматов жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан камерага белгисиз өспүрүмдөр сагыз чаптап салышкан.