“Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн алынган 386 миллион доллар насыя үчүн Кыргыз мамлекети 480 миллион доллар төлөйт”, - деп бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында “Электр станциялар” ААКсынын директору Узак Кыдырбаев билдирди.
Анын айтымында, Кытайдан алган насыянын көлөмү 386 миллион доллар. “Алынган насыянын үстүнө 94 миллион доллар кошуп төлөйбүз. Кыргыз мамлекеттик насыяны 20 жыл ичинде төлөп бүтөт. Буга чейин ар жакта айтылып жаткан пайыздар туура эмес маалымат”, - деди Кыдырбаев.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;
КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;
"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;
"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;
"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.