"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында шаар ичине коюлган камералар 7 эреже бузууну каттайт. Эреже бузуунун тизмесинин арасында 6-пункт жол эрежелерине каршы пикирди жаратат. Андагы эрежеге ылайык, белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымга жеткирбей айдаса айдоочу айыпка тартылбайт. Бул жерде адамдардын, алардын ичинде жаш балдардын өмүрүнө коркунуч келет деген маселе жаралат. Анткени ылдамдыгы саатына 40 чакырым деп белгиленген жерлерде саатына 60 чакырымга чейин айдап, жазага тартылбастан жүрө берүүгө болот.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул боюнча: "Жол кыймылынын эрежелери менен административдик эрежелер кодексинин ортосунда карама-каршы келген жагдайлар жаралса, негизи административдик кодекс жол кыймылынын эрежелерине караганда жогору турат", - деп жооп берген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым болгонуна карабай саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдаса, жаңы кодекске ылайык, ага чара көрүлбөйт экен. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаевакодекстер ишке киргенден кийин дароо эле өзгөртүүгө болбойт деген пикирин айтты.
"Укук нормативдик актылар бар. Статусу боюнча эң биринчи Конституция, кодекс, андан кийин Конституциялык мыйзам. Кодекс статусу боюнча жоболордон, мыйзамдан жогору турат. Эгер кодекстерде жол эрежелерине дал келбей жатса анда дагы оңдойбуз. Кодексте жазылган ченемдер иштебей, жол кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келсе ал жери оңдолот. Биринчи иштеп көрсүн. Бир жумада эле иштебейт экен деп өзгөртүүгө киришкен туура эмес. Түкүрүктөр боюнча да талкуу болуп жатты. 5500 сомдон төлөп көрүшсүн, анан кодекстер иштейби же жокпу көрөбүз. 100-200 адам каршы болуп жатат деп эле 6 миллион адамдын укуктарын бузууга да болбойт", - деди депутат.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Мирлан Бакиров, Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуров, Кыргыз өлкөсүндөгү айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары, Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакуновдун айткан пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.