Ош облусунда ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа жол четинде турган даракты сүзүп, эки адам каза болду. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз өкүлү Алтынбек Теңизбаевдин айтымында, кырсык 27-январь күнү саат 01:30 чамасында Кара-Суу районундагы Каратай айылынын тушунда катталган.
Маалым болгондой, унааны Алай районунун 27 жаштагы Ш. уулу А. аттуу тургуну айдап бараткан. Ал Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда баратып Каратай айылына жеткенде унааны башкара албай калып, даракты сүзүп алган. Кырсык болгон жерден айдоочу жана жанында бараткан 28 жаштагы Б. уулу Т. аттуу жаран каза болуп калган.
Учурда Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себебин аныктоо иштери жүрүп жатат.