Кара-Суу районунда 35 жаштагы жаранды унаа сүзүп, ал ооруканада эсине келбей каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда 35 жаштагы жаранды унаа сүзүп, ал ооруканада эсине келбей каза болду. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Жол кырсыгы кечээ, 28-августта саат 21:00 чамасында Кара-Суу-Өзгөн унаа жолунда болгон.

"Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну Д.З. өзүнүн Daewoo Nubira үлгүсүндөгү унаасы менен Өзгөндөн Кара-Суу районуна бара жаткан. Жолдо айдоочу рулга ээ боло албай жолдон өтүп бара жаткан 35 жаштагы К.Т. аттуу жаранды сүзгөн. Натыйжада жабырлануучу аймактык ооруканада эсине келбей каза болгон. Бул кырсык боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан