Бишкектин Бакай-Ата жаңы конушунда мектеп окуучусун унаа сүзүп, ал каза болуп калды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 22-март күнү саат 18:30 чамасында катталган.
"Унаа жолдо велосипед тээп жүргөн окуучу артында келе жаткан унааны байкабай жолду кесип өтмөкчү болгондо аны сүзүп кеткен. Маалыматтар боюнча каза болгон окуучу мектепте 2-класста окуйт. Ал эми айдоочу 45 жашта. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет маалыматта.