Бишкектин Ак-Өргөө, Көк-Жар аймактарында жана "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормасынан жогору

Бүгүн, 21-февралда Бишкектин Ак-Өргөө, Көк-Жар аймактарында жана "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормасынан жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин 6 жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Ак-Өргөө конушунда учурдагы көрсөткүч - 49 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 74). Бул нормага ылайык көрсөткүчтөн 2 эсеге жогору. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда сутка ичинде орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Көк-Жар кичи району - 49 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 57)

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши - 38 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 48)

Чыгыш-5 кичи району - 19 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 39)

Бөкөнбаев көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши - 16 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 40)

7-кичи район - 18 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 30)

"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2019-02-21 08:38:50
Четке кагып эле,актана бересинер го негизи
0
tokitok
2019-02-21 09:06:23
Вы такие странные. Бир кун мурунку эле кабарда ак орго 168 мкр деп турат азыр 49 же не ушунча озгорулуп турабы?
0
Бекболот Сарыбаев
2019-02-21 11:40:57
tokitok, Саламатсызбы? Бүгүн кар жааганына байланыштуу аба кечээкиге караганда бир топ тазаланды. Кабарда көрсөтүлгөн уюмдун интернет баракчасынан сиз да өзгөрүүлөрдү карап, салыштырып көрсөңуз болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан