Чүйдө жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, анын өлүмүнөн кийин качып кеткен айдоочу кармалды

Чүй облусунун Москва районунда жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу кармалды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, окуя 12-февралда катталган.

"12-февраль күнү таңкы саат 7:50 чамасында Беловодск айылындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, анын денесинде көптөгөн жаракаттар жана сыныктар бар экенин байкашкан. Маркум жол кырсыгынан каза тапкандыгы аныкталып, окуя боюнча 297-берененин (автотранспорттук каражаттарды колдонууда коопсуздукту сактабоо жана эрежелерди бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Ал эми каза болгон адам Ош облусунда туулуп, учурда Чүйдүн Москва районунда жашаган 64 жаштагы тургун А.Н. экени аныкталган. Унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен жарандын аты-жөнү такталып, издөө жарыяланган. Издөө иштеринин алкагында шектүү катары Токмок шаарынын тургуну 32 жаштагы Н.У. кармалды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Шектүүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы айып аянтына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан