Ысык-Көлдө жеңил унаа бакты сүзүп, эки адам каза болду

Ысык-Көл районунда Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа жол четинде турган бакты сүзүп, ичинде бара жаткан эки адам каза болду. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Ысык-Көл облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Ырысменде Бейшен уулу кабарлады.

Анын айтымында, кырсык 20-март күнү саат 16:50 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун Жаркымбай жана Чоң-Өрүктү айылдарынын ортосунда болгон.

"Унаа жолдон чыгып кетип, бакты сүзүп алган. Анын кесепетинен унааны башкарып бара жаткан 59 жаштагы Ж.М. жана жанында бара жаткан 41 жаштагы Н.Э. каза болуп калган. Экөө тең Жаркынбай айылынын тургундары. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгында айдоочу соо абалда болгону аныкталды", - деди Бейшен уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
senchi
2019-03-21 18:27:52
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан