16-мартка чейин дагы 23 жерге жол кыймылын көзөмөлдөөчү камералар орнотулат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-мартка чейин Бишкектин 11 жерине жана 16-мартка чейин Чүй облусунун 12 жерине "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында "Вега" компаниясы көзөмөлдөөчү камераларды орнотушу керек.
Камералар орнотула турган аймактардын тизмеси:
Бишкек шаары:
Бөкөнбаев көчөсү менен Манас кең көчөсүнүн кесилиши;
Чүй кең көчөсү менен Манас кең көчөсүнүн кесилиши;
Чүй кең көчөсү менен Павлов көчөсүнүн кесилиши;
Жибек Жолу кең көчөсү менен Манас кең көчөсүнүн кесилиши;
Махатма Ганди кең көчөсү менен Боталиев кең көчөсүнүн кесилиши;
Жибек Жолу кең көчөсү менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилиши;
Ахунбаев көчөсү менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилиши;
Чүй кең көчөсү менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши;
Байтик баатыр көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилиши;
Шабдан баатыр көчөсүндө жайгашкан өтмөк;
Ибраимов көчөсүндө жайгашкан өтмөк.
Чүй облусу:
Бишкек-Ош автожолунун 153,3-чакырымы, 12-мартка чейин;
Бишкек-Ош автожолунун 160-чакырымы, 13-мартка чейин;
Бишкек-Чалдыбар автожолунун 61,6-чакырымы, Кара-Балта шаары, "Мээрим" дүкөнүнүн маңдайы, 12-мартка чейин;
Бишкек-Чалдыбар автожолунун 66-чакырымы, Жайыл району, Алексеевка айылы, 13-мартка чейин;
Бишкек-Чалдыбар автожолунун 67,3-чакырымы, Панфилов району, Вознесеновка айылы, 14-мартка чейин;
Бишкек-Чалдыбар автожолунун 74-чакырымы, Панфилов айылы, 15-мартка чейин;
Бишкек-Чалдыбар автожолунун 78,2-чакырымы, Панфилов айылы, 16-мартка чейин;
Бишкек-Нарын автожолунун 17,7-чакырымы, Киргшелк айылы, "Газпром" май куюучу жайы, 12-мартка чейин;
Бишкек-Торугарт автожолунун 18,8-чакырымы, Люксембург айылы, "Бишкек петролеум" май куюучу жайы, 13-мартка чейин;
Бишкек-Торугарт автожолунун 20-чакырымы, Люксембург айылы, Ленин-Западная көчөлөрүнүн кесилиши, 14-мартка чейин;
Бишкек-Торугарт автожолунун 25-чакырымы, Кант шаары, "Газпром" май куюучу жайынын маңдайы, 15-мартка чейин;
Бишкек-Торугарт автожолунун 31,7-чакырымы, Кызыл-Сай айылы, Ленин көчөсү, 151-үй, 16-мартка чейин.