Коопсуз шаар: Долбоорду ишке ашыруунун 2-фазасы 14 күн кечиктирилет

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагындагы көзөмөл камераларын орнотуунун 2-фазасы 14 күн кечигүү менен ишке ашат. Маалыматты аталган долбоорду ишке ашырып жаткан "Вега" концерни тастыктады.

Белгилүү болгондой, буга камераларды орнотуу иштеринде пайда болгон ыңгайсыздыктар себеп болгон.

"Орнотула турган камералардын кабелдерин жер асты менен алып өтүү пландалган. Бирок Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы жер асты менен кабелдерди алып өтүүдө асфальтты жана тротуарларды бузууга туура келерин эскертти. Мындан сырткары авариялык учурларды калыбына келтирүүдөн башка кыш мезгилинде жердин асты аркылуу жүргүзүлүүчү иштердин бардык түрүнө тыюу салынганы белгилүү болду.

Түзүлгөн кырдаалдар боюнча "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына билдирүү жиберилип, 26-февралда кабелдерди зым карагайлар аркылуу тартуу чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу көзөмөл камераларын орнотуунун 2-фазасы Бишкек шаарында 26-марттан, ал эми Чүй облусунда 30-марттан баштап ишке ашырылат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы камераларды орнотуунун 2-фазасынын алкагында 12-мартка чейин Бишкек шаарынын 11 жана 16-мартка чейин Чүй облусунун 12 жерине "Вега" компаниясы тарабынан көзөмөл камералары орнотулушу керектигин билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан