Өкмөттө жол кыймылын терең талдап чыгуу жана жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртуу зарылдыгы айтылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу 18-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө "Коопсуз шаар" долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар айтылды. Анын ичинде жол инфраструктурасына, жол белгилерине, унаа жолдорунун айрым тилкелериндеги кыймылдын жыштыгына байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдору талкууланды.

"Карапайым жарандар "Коопсуз шаар" долбоорун колдоп беришти. Көп жылдардан бери биринчи жолу жолдордогу кырдаал кардиналдуу түрдө өзгөрүп, ал эми жол эрежелерин бузуулардын саны кыскара баштады. Айдоочулук маданият дагы өзгөрүүдө. Айдоочулардын көпчүлүгү жол инфраструктурасында келип чыккан ыңгайсыздыктарга жана жол тыгындарына карабастан, жол кыймылынын эрежелерин сактоого аракеттенишүүдө.

Ошол эле учурда долбоорду ишке киргизүү инфраструктуранын жана жол кыймылын уюштуруунун айрым маселелерин ачыктады. Көпчүлүк көчөлөрдөгү кыймылдын жыштыгы алардын унааларды өткөрүү шарттарына туура келбейт. Бул айрыкча унаа жолдордун жана кесилиштердин кыймыл көп тилкелеринде байкалат. Транспорттук агым өзгөрүп, унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келүүдө", - деди өкмөт башчы.

Анын айтымында, жол кыймылын оптимизациялоо жана жакшыртуу, ыңгайлуу жана ойлонулган жол-транспорттук тутумун камсыздоо үчүн аны терең талдоо зарыл.

"Жолдордо рационалдуу кыймылды камсыздоо үчүн светофордук талдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Келип чыккан маселелердин баштапкы себебин аныктамайынча, биз натыйжалуу чараларды көрүп жана жолдордогу абалды жакшыртууга жетише албайбыз. Буга байланыштуу дагы көп иштерди жасоо жана шаардыктардын пикирин эске алуу менен мындан аркы иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан