Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда "Электр станциялар" ишканасынын өкүлү жабырлануучу тарап катары сурак берип, суроолорго жооп берүүдө.
Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев: "Кабыл алынган келишим качан күчүнө кирген?" деген суроо берди. Жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын көрсөтүп жаткан өкүл ушул жана башка айыпталуучулар берген суроолоруна жооп бере алган жок. Анын: "Суроолорду берсеңер, даярдап келебиз" деген билдирүүсүнө айыпталуучулар жана залда отургандар нааразы болушту. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев мындай билдирүүнү шылдың катары кабыл алганын айтты: "Биз эки жылдан бери отурабыз. Силер келишим качан күчүнө кирген деген суроого 11 айдан бери даярданып жатасыңар. Келишим 2013-жылы түзүлгөн. Жабырлануучу тарап катары биздин күнөөбүздү көрсөтүп, жаттап алгандай деле болушуңар керек эле. Өкүлгө эки коюп, отурумдан чыгарып жибериш керек", - деди Сатыбалдиев.
Мындан кийин Финансы министрлигинен келген өкүл дагы жактоочулардын жана айыпталуучулардын суроолоруна жооп таба алган жок. Буга айыпталуучулар жабырлануучу тарап аларды жөн гана караганы келип жаткандыгын белгилешти.