Бүгүн, 27-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Буга чейин иштин материалдарын иликтөө процесси жүргөн. Анын алкагында иштин бардык 55 тому иликтенип бүткөн.
Бүгүнкү отурумда тараптардын жарыш сөзү башталат. Отурумдун башында судья Инара Гилятзединова мурдагы энергетика министри, бул иште айыпталып жаткан Осмонбек Артыкбаев өз калоосу менен мамлекетке 100 миллион сом төлөгөнүн айтты. Буга Сапар Исаковдун жактоочулары нааразы болду. Судья аларга сөз берген жок. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Исаков жарыш сөзгө ЖЭБдеги коррупция боюнча эсеп жүргүзгөн эксперт Евгений Хафизов келбесе, чечим чыгарылбашы керек экенин белгиледи.