Ала качып бара жаткан кызга милиция бөлүмүндө бычак сайган жигиттин сүрөтү

Марсбек Б. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө жигит ала качып бара жаткан кызына бычак сайып, ал жаракатынан улам көз жумган эле. Мындай кылмышка 29 жаштагы Марсбек Б. барганын Чүй ОИИББи маалымдады. Ал кызды үй-бүлө куруу максатында 27-майда түндө ала качып бара жаткан жеринен кармалып, Жайыл РИИБине жеткирилген. РИИБде Марсбек Б. кызга жана өзүнө бычак сайып, кыз алган жаракатынан улам аймактык ооруканада көз жумган. Марсбек Б. учурда Жайыл райондук ооруканада, дарыгер анын абалы жакшыра баштаганын билдирди.

Ал эми маркум Бурулай Турдали кызы 20 жашта болгон. Кыздын атасынын айтымында, Марсбек Б. аны эркине каршы ала качкан. Ал эми жигиттин кесиптештери экөө 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөнүн билдиришкен.
Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
chikeusenov
2018-05-29 20:07:39
козун же бетин бекитсенер суроту деп жарыялабай эле койгулачы
+3
Nevestkaa
2018-05-29 20:29:12
Байкуштар бири биринен өткөн мөлтүрөгөндөр экен эле,атасы да кызынын бактына балта чаппай батасын берип койсо ушул иш болбойт беле ,ансыз да экөө сүйлөшүп жүрүшсө.
+2
bond02
2018-05-29 20:39:27
менимче суйлошуп журушкондору калп, чын болсо сайттарда жазышкан перепискаларын корсоткуло.
+2
Sagyn.91
2018-05-29 20:41:19
Айдай чырайлуу кыз экен эле.
Аллахым бе
+2
only_progress
2018-05-29 20:41:22
Алса да бактылуу кыла албайт мындай ХХХХХХХХ
+5
Sagyn.91
2018-05-29 20:42:01
Ай чырайлуу кыз экен эле.
Аллахым бейишин берсин.(((
+1
NURSAPAR
2018-05-29 21:16:44
Аттиң.....
+1
Djal1987
2018-05-29 21:52:38
Инстада толук суроту жайнап кетти
+1
eddi.
2018-05-29 21:53:38
Бул ХХХХХХ оңолбойт
0
Chungyz
2018-05-29 22:40:44
Жакшнакай кыз экен ле
0
AzKumFerDan
2018-05-29 23:23:54
Мен бул окуя боюнча кыздын атасын күнөөлөйм себеп Буга чейин бир ирет ала качкан экен жигит.Мунусунда милиция чалып тривога салган .Эгер милиция чалбаганда бул көргүлүк болбойт беле.Эми кеч Кыздын жаткан жери жайлуу болсун .Жакындарына сабыр тилейм.Арбир жан Аллахка аманат.Аманатын кайтарып алыптыр.
-4
Asyl10
2018-05-30 15:13:11
AzKumFerDan,Туура кыздын атасы сабырсыздык кылып койгон. Макул, ала качты, барып баланын ата-энеси менен жакшылыкча эле суйлошуп кызын кайра алып келип алышса ушул жамандык болмок эмес.Кызы да кийин аман-эсен калмак."Коёнду камыш, эркекти намыс олтурот" деген улуу кеп бар, милиция менен кууп барып кылмышкерлердей карматканына, кызды экинчи жолу алып качып,анысы да болбой калса намысына чыдабай ачууга алдырган.Эки тарапка тен аябай жаман иш болуптур.Аттин,чырактай кыз учуп кетти.
0
moskoy
2018-05-30 00:07:46
Атасы жоолук курчап алганына караганда оштуктар окшойт.Булар кыздын эркине койбой кудалап берет.Ошон учун кайран кыздын убалына атасы калган окшойт.
+1
sabirdinovich
2018-05-30 14:25:07
Бала таластык бекен?
0
nurhan2702
2018-05-30 19:20:01
Жашабагыр десе ,айдай кыздын омурун кыйыптыр .тозокто куйуп кеткир
0
maksatbekova
2018-05-30 21:48:20
Кыздын конулу жоктугуна карабай зордоп кайра -кайра алакачканы учун дагы куноолуу бала. Жакшы бала болсо кызда каршы болмок эмес. Баланын куру намыс , чечкинсиздиги коркоктугу бул кадам . Намыстуу болсо мындай кадамга бармак эмес . Шибегени эч убакта капка ката албайсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан