Улуттук коопсуздук комитети Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча иликтөөнү аяктап, айыбын угузду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта 30-мартта ишти иликтөө аяктап, ошондой эле Дүйшөнбек Зилалиевдин өзүнө да айыбы угузулганы айтылат. Ага ылайык, Зилалиев 228-берене (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен айыпталууда.
Ошондой эле басма сөз кызматынан Зилалиев жана жактоочусу коюлган айып менен таанышкан соң, ишти сотко жөнөтүү үчүн алгач Башкы прокуратурага жөнөтүлөрүн билдиришти.
Мындан сырткары, Дүйшөнбек Зилалиевге өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынганын да кошумчалашты.
Белгилүү болгондой, буга чейин басылмалар президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин жана болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.
Ал эми Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматы: "Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттүк жолдо кетип баратып, жол жээгинде турган курсант кызга "формаңды кичине оңдоп алчы" деп эскертүү берген экен. Балким, ал кыз форманы "бомба" деп угуп алса керек", - деп жооп беришкен.