11-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сотторго тозок жана бейиш тууралуу айтып берди. Анда ал "Акыйкаттуу чечим кабыл алган сот бейишке, чындыкты билип туруп, акыйкатсыз чечим чыгарган соттор тозокко кирет", - деп айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекеттик кызматкерлерди тозок менен коркутуп коррупцияны жеңсе болобу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров жооп берди.
Эл өкүлү тозок менен коркутууда жыйынтык ар кимдин өз ишенимине жараша болот деген пикирин айтты.
"Ачыгын айтканда биз светтик мамлекетпиз. Бирок баарыбыз эле мусулманбыз, ичибизде Кудай деп, бейишти, тозокту ойлонуп жүрөбүз. Мамлекеттик кызматтагыларды антип коркутуптур дегенди уккан жокмун. Тозок менен коркутууда ар ким, ар кандай ойлонот, ар кимдин өзүнүн ишеними бар, ошого жараша болот деп ойлойм", - деди депутат.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, экс-депутат Асия Сасыкбаева, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова, акын Темирлан Ормуков жана саясат таануучу Даниэл Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.