"Мекенчил" партиясы 23-апрелде Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөнкул Чотоновду, Садыр Жапаровду колдоп митингге чыгышат. Аталган митингге "Кырк Чоро" коомдук кыймылы да чыгат. Бул тууралуу аталган кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаев Facebook'тагы баракчасына жазып чыкты.
"Кыргыз Чоролору" коомдук бирикмеси жана анын аймактык Кырк чоро кошуундары 23-апрелде Садыр Жапаровду колдоо тынчтык митингине катышаарын билдирет. "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген сыяктуу, эл уулу Садыр Нургожоевичке кандай гана жалаалар жабылып, дооматтар коюлбасын бардыгы саясаттын оюну экени жалпы Кыргыз элине белгилүү болуп калды. Жаңы кодекстердин күчүнө киришин негиз кылган сот отуруму Жапаровго коюлган күнөөлөрдүн далилсиз экендигин эске алып, толугу менен акташат деп, эл акыркы үмүтү менен тынчтык митингге чыгып жатат. Биз дагы ошол күнү Садыр Жапаровду колдогон митингге чыгабыз", - деп жазат Көчөрбаев.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун ишин кайра кароо 23-апрелге белгиленген.