Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжалга байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлиги маалымат таратты. Белгилүү болгондой, жаңжал тажик тараптын Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгондон улам жергиликтүү тургундар менен тажиктердин ортосунда жаралганы айтылган.
"Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулуш иштери 2013-жылы башталган. Жалпы узундугу 24,5 чакырым жолду куруу үчүн 606 миллион сомго смета түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 165,5 миллион сомдук жол курулуп, тактап айтканда, Көк-Таш айылынын Ак-Сай айылына чейинки 13 чакырымдык жол курулушунун иштери жасалып бүткөн.
2018-жылы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен курулуш техникасы тартылып, Ак-Сай айылынан Тамдык айылына чейин чек ара кызматы тарапты көздөй бөлүгүнүн 4 чакырымы ашар жолу менен салынган (13-чакырымдын 17-чакырымга чейинки бөлүк). 9-март күнү Ак-Сай-Тамдык тилкесиндеги курулуш иштери улантылган. Курулушту улантуу жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен ишке ашып, 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор иштетилип жаткан", - деп билдирет басма сөз кызматы.
13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болгон. Учурда чек ара тилкесине топтолгон эл тарай элек.