Бишкек ШИИББи: "Бишкектеги 1 аялдын өмүрүн алган жол кырсыгына себепкер милиция кызматкери мас абалда болгон"

Бишкек шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу милиция кызматкери экени жана ал кырсык катталган учурда мас абалында болгондугу аныкталды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 21-январга караган түнү саат 00:35 чамаларында 7-апрель жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Avensis унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган Мээрман Асанканова аттуу аял каза болгон.

"Алдын ала жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгына таянсак, Mercedes-Benz унаасын башкарып бараткан Октябрь РИИБинин аймактык тескөөчүсү мас абалда болгону аныкталды. Кырсык 21-январда түнкү саат 00:40 чамаларында Mercedes-Benz жана Toyota Avensis унааларынын катышуусунда болгон. Окуя катталган жерге Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери барып, 1985-жылы туулган аялдын жансыз денесине күбө болушкан. Ошондой эле милиция кызматкеринин жол кырсыгына катыштыгы бар экенин, анын оор жаракат алганын көрүшүп, ооруканага жиберишкен.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, 297-берененин (авто транспорттук каражаттарды колдонууда коопсуздукту сактабоо жана эрежелерди бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалган", - деп билдирди Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.

Ошондой эле учурда кызматтык иликтөө жүрүп, ооруканада жаткан милиция кызматкери кайтарууга алынганы кошумчаланды.

Айта кетсек, Бишкек шаарында орун алган бул жол кырсыгында 1 аял каза болгон. Ал ӨКМнын 33 жаштагы кызматкери Мээрман Асанканова болгону айтылган.

Бишкекте милиция кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы катталып, анда ӨКМнын кызматкери каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ruslanz
2019-01-22 11:12:19
Кызматкерлердин жазасын, жонокой жарандарга караганда эки эсе кылып коюшса.Кызматкерлер журум-турум б-ча улгу болуш керек да.Айыл окмотко барсан мас болуп отургандарды коросун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан