Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун улуу баласы жол кырсыгынан каза болду. Маалыматты Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов тастыктады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 3-4 күн мурун Беш-Күңгөй айылы тарапта болгон.
Маркум Дастан Садыр уулу 1992-жылы туулган.
Дастан Садыр уулу 4 бир туугандын улуусу, Рустам жана Нурдөөлөт деген 2 иниси жана Жанайым аттуу карындашы бар. Дагы бир Ринат деген бир тууганы бар, аны Садыр Жапаров бир тууган иниси каза болгондон кийин багып алган. Рустам менен Ринат 2017-жылы март айында Садыр Жапаров кармалган учурда УКМКнын алдында митинг өткөргөн тарапташтары менен чогуу кармалып, кийин бошотулушкан. Ринат катуу сабалганы маалым.
Дастан Садыр уулу Бишкектен мектепти аяктап, Пекиндеги университеттен кытай тилин эки жарым жыл үйрөнгөн. Андан кийин Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинде билим алган. Анын Куралдуу күчтөрдүн курамындагы Улуттук Гвардияда кызмат өтөгөндүгү белгилүү. Дастан Садыр уулунун "Супер-Инфо" гезитине берген маеги бул шилтемеде.
SUPER.KG порталы Садыр Жапаровго, үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.