Бишкекте бир адамдын өмүрүн алган жол кырысыгына себепкер милиция кызматкери дале ооруканада жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 4-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалым болгондой, анын алган жаракаты оор болгондуктан операция жасатуу зарыл болгон. "Өткөн апта кырсыктан жаракат алган жерине 2-3 операция жасатуу керек болчу. Операция жасалдыбы же жокпу белгисиз. Ошондуктан азыр деле ооруканада жатат", - деп кабарлашты ШИИБден.
21-январга караган түнү саат 00:35 чамаларында Бишкектеги 7-апрель жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Avensis унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган Мээрман Асанканова аттуу аял каза болгон. Ал аял Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери болгону айтылган. Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу М.Э.М. кырсык учурунда мас абалда болгон.
Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, 297-берененин (автотранспорттук каражаттарды колдонууда коопсуздукту сактабоо жана эрежелерди бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.