Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын абалы туруктуу

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук ооруканасында учурда 4 жабырлануучу дарыланып жатат.

"Министрликтин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдиргендей, дарыланып жактан адамдардын үчөөсү октон жаракат алган. Дагы бирөөнүн баш-мээси чайкалган. Азыркы учурда алардын абалы туруктуу, тиешелүү медициналык жардамды алып жатышат. Дары-дармектер жетиштүү деңгээлде", - деп айтылат маалыматта.

13-мартта Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Анда бир Кыргыз жаранына таш тийип ооруканага жеткирилсе, саат 21:40тан баштап күчөтүлгөн тартип киргизилген.

Бүгүн Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу экендигин белгилеп, бирок Баткен-Лейлек жолу ачыла электиги тууралуу маалымат таратты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
guli-1980
2019-03-18 13:19:18
ошол жерге бир барып келбединерда суперчилер
0
Altyn10076
2019-03-18 16:47:37
тажик менен Кыргызстандын чек арасын жаап эле салсанар болот эле бири бирине откорбой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан