Бүгүн, 8-апрелде саат 7:50гө карата Бишкектин Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде абанын булганышы нормасынан 2 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 57 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 48). Бул нормага ылайык көрсөткүчтөн 2,28 эсеге жогору. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Чыгыш-5 кичи району - 41 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 29).
Көк-Жар кичи району - 43 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 28).
"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.