"Акыркы учурларда дем алуу органдарынан жабыркаган адамдардын саны көбөйүп жатыптыр" деди депутат Аалы Карашев Жогорку Кеңештин 26-сентябрдагы жыйынында.
"2016-жылы дем алуу органдарынан жабыркагандардын саны 517 миңден ашык болгон экен. 2017-жылы 574 миңден ашыптыр. Бишкек шаарында эле 36 пайызга өсүптүр. Жалал-Абадда да абал начар экен. Бул оорулар эмненин айынан өсүп жатат? Шаардын, өкмөттүн көз карашы барбы? Экосистемди жакшыртуу боюнча кандай аракеттер жүрүп жатат? Каражат барбы?" - деди эл өкүлү.
"Бишкектеги абанын булганганы ЖЭБди модернизация кылганда азайды. Башка жерлерде да зыяндуу заттарды азайтуу иштери жүрүп жатат", - деди өкмөттүн Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинен.