Кыргыз-Тажик өкмөтү чек ара маселесин талкуулашты

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз өкмөтүнүн делегациясы катышты. Тажикстан делегациясынын башында Тажикстан Республикасынын премьер-министри Азим Иброхим турган.

"Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын калган участкаларынын долбоордук сызыктарын түшүрүүнү улантуу, чек ара тилкесинде камтылган жана ар кай жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер участкалары менен алмашуу маселеси каралды. Ошондой эле мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелеринде туруктуулукту камсыздоо, ири масштабдуу делимитациялык топографиялык карталарды түзүүнү аяктоо маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын протоколуна кол коюлду. Тараптар өз ара пайдалуу негизде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара сызыктарын аяктоого даярдык билдиришти. Бул чектеш аймактардагы туруктуулуктун жана коңшулаштыктын кепилдиги болот", - деп жазылат маалыматта.

Тажик басылмаларынын маалыматына ылайык, жыйын жабык эшик артында өткөн.

13-мартта Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 4 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту. Протоколго ылайык, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышты. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан