Аида Салянова 26-августка чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 21-июнда Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралды.

Соттун чечими менен мурдагы башкы прокурор 26-августка чейин камакта калтырылды.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

3-майда дарыгер-онколог Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова, 6-майда Жазаларды аткаруу кызматынын медициналык-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Асанов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Канат Бектемиров жана №47 колониянын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Фархад Атахожаев, 15-майда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, 21-майда мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов, 30-майда ошол кездеги атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, 3-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, 19-июнда өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Марат Бекенов, 24-июнда Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов камакка алынган.

Мындан тышкары 7-июнда Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев суракка алынып жаткан учурда ооруканага түшкөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tolkun555
2019-06-21 22:04:55
Жалко бирок надо.
+1
Almaz.bim
2019-06-23 07:43:44
Жоопко тартылыш керек бул айым.
Убагында канча адамдарды сыздаткан озуда ошондой азапты горсун.Мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой бироонун кызыкчылыгы менен иштеген буну баары билет,мына убакыт келди жооп беретурган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан