Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайрадан каралып жаткан иштин негизинде кечээ, 3-июнда кармалган мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы эртең аныкталмай болду. Бул тууралуу анын аталаш сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.
Анын айтымында, Аида Салянова учурда бир аз ооруп жатат, абалы туруктуу. "Бүгүн кечке тергөөчүнү күттүк. Ал прокуратурага барып, токтомду алмак. Токтомдун негизинде доо чыкмак. Биз акыркыга чейин күттүк, тергөөчү да күттү. Жыйынтыгында Салянованын соту эртең, 5-июнга саат 10:00гө жылдырылды. Чоң үмүтүбүз бар", - деди Турдалиева.
Окуянын чоо-жайы:
16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.
Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
2013-жылы Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, "айыккыс дартка кабылган адамдын" абактан бошотулушу мыйзамдуу деп айткан. "Биз бизде бар мыйзамдар менен иштедик. Эгер сиздер мыйзамдагы уурунун иши башкача, башка адамдардын иши өзүнчө каралышы керек десеңер ошондой мыйзам кабыл алгыла. Биз ошого карата иштейбиз", - деген ал.